Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме видеобайланыш аркылуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов, төраганын орун басарларынын милдетин аткаруучулар Нургүл Асанова жана Айнаш Токбаева, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева, анын орун басарлары, облустук соттун судьялары, биринчи инстанция сотторунун төрагалары менен судьялары катышты.
Кеңешмеде өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи инстанция сотторунун төрагалары жана облустук соттун төрайымынын орун басарлары баяндама жасашты. Анда өткөн жылда каралган иштердин саны, ар бир судьянын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат берилди.
Ысык-Көл облустук сотунун төрайымынын жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Алмазбек Апышев биринчи инстанция сотторунун берген отчеттору боюнча 2021-жылдын 12 айында 470 жазык иштери, 322 жоруктар жөнүндөгү иштер жана 2775 соттук материалдар каралганын билдирди. Ал эми апелляциялык тартипте 94 жазык иштер, 15 жоруктар жөнүндөгү иштер жана жалпы 85 соттук материалдар каралса, кассациялык тартипте 3 жазык иш каралган.
Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Альгис Шүкүралиевдин баяндамасына ылайык, 2021-жылы биринчи инстанциядагы соттордо жалпы 5151 иштер, 1570 соттук материалдар каралган. Ысык-Көл облустук сотунда 310 иш, 76 соттук материал каралган.
Ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Канат Аманов 2021-жылда Ысык-Көл облусунун административдик соту тарабынан жалпы 287 иштер каралса, апелляциялык инстанцияга 76 иш даттанылып, анын ичинен 60 иш күчүндө калтырылганын билдирди.
Кеңешмени жыйынтыгында Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева судьяларды кемчиликтерди эске алып, жоюуга, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга, облус деңгээлинде соттук практиканы бирдиктештирүүгө жана мыйзамдардын талаптарын бекем сактоого чакырды.
Пикир
Оставить комментарий