• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

COVID-19. Эмдөө жашообузда дайыма колдонулуп калат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу абал ар түрдүү, кайсы бир жерде тыюу салууларды жумшартуу, чектөөлөрдү алып салуу башталса, башка жерде тартип бузуучулар үчүн репрессивдик чаралар топтому сакталып гана турбастан, санкцияларды да күчөтүшүүдө. Кээ бир өлкөлөрдө алардын бийликтери билдиргендей, пандемиянын кезектеги толкунунун жогорку чеги өттү, ал эми башкалары вирустун жаңы чабуулуна даярданышууда. Көпчүлүк өлкөлөрдүн медицина кызматкерлеринин бир нерседе гана бирдиктүү пикири бар: ковиддин эволюциясынан, жаңы штаммдардын пайда болушунан кача албайбыз, ал эми эмдөө биздин жашоодо ар дайым колдонулуп калмакчы.

Дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө кыйла жугуштуу жана анчалык изилдене элек омикрон ВА.2 варианты аныкталганы тууралуу маалыматтар келүүдө, аны «стелс-омикрон» деп атап коюшкан. ЖМКлар билдиргендей, «стелс-омикрондун» башкы белгиси дене табынын жогору болушу, үзгүлтүксүз жөтөл, даам жана жыт билүүнүн жоголуусу же өзгөрүүсү.

Биринчи жолу штаммдын жаңы түрү Улуу Британияда 21-январда катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир кыйла тездик менен таралат. ВА.2ни жуктуруу учурларын февралдын башында Россияда дагы аныкташты. Ал Кыргызстанга канча убакыттан кийин жетери тууралуу божомолдоого болот.

Акыркы кездерде көпчүлүктү кызыктырган суроого кайрылсак: эмдөөнүн натыйжалуулугу канчалык? Жалпылаганда адистердин жообу төмөнкүдөй: эмдөө алган болсоңуз, бирок эч качан оорубасаңыз, анан омикрон менен ооруп калсаңыз, сизде стандарттуу вируска каршы болгон өзгөчө антителоңуз абдан күчөйт. Башкача айтканда, омикрон күчөткүч катары кызмат кылат. Эгер сиз мурда дельта, альфа же ухань коронавирусу менен ооругандыктан, сизде эмдөө албаган, табигый иммунитет болсо, омикрондон кийин антителоңуз да көтөрүлөт, бирок анчалык эмес. Башкача айтканда, омикрон вакциналык коргоону жакшыртат жана табигый иммунитетти азыраак жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий