• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ысык-Көл облусунда абал туруктуу - милиция

Коом 0


Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Мирбек Табалдиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда облустун район-шаарларында эч кандай эл топтолгон жок. Милиция коомдук коопсуздукка көзөмөл жүргүзүүдө.

"Социалдык тармактарда тараган маалыматтар Каракол ШИИБинин электрондук журналына катталды. Бул фактыларга мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.

Пикир

Оставить комментарий