• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 6-апрелде саат 04:59да очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Эчкили-Таш айылынан түндүк-батышты карай 12 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышты карай 16 чакырым, Жыргалаң айылынан түштүк-чыгышты карай 30 чакырым, Каракол шаарынан чыгышты карай 76 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү калк жашаган аймактарда - Эчкили-Таш айылында - 3,5 балл, Кең-Суу айылында - 3 балл, Жыргалаң айылында -2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий