• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ысык-Көл облусунда коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча жыйын өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Каракол шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облустук жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткѳрүлдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйын министрлер кабинетинин төрагасы - УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрѳшүү демилгесинин негизинде өткөрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы мыйзамдарга жана 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияга ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселелери каралды.

Жаңы мыйзамдарда төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөр каралган:

  • коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу;
  • коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны айып пулга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн алып салуу;
  • коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөсүн мойнуна алган учурда жазанын минималдуу мөөнөтүн белгилөө.

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Капаров коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамыры менен жоюу мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыты экендигин айтып, андыктан айрым мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында жазалар күчөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Жыйындын алкагында билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ѳкүлдѳрү 2024-жылдын ноябрь айында УКМК тарабынан ѳткѳрүлгѳн жыйында коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча берилген сунуштардын аткарылуусу тууралуу маалыматтарды угушту.

Ошону менен бирге коррупцияга каршы күчѳтүлгѳн мыйзамдагы ѳзгѳртүүлѳр презентация түрүндѳ кѳрсѳтүлүп, ар бир берене боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын соңунда облустук жана муниципалдык уюмдарга мыйзамдын жана стратегиянын жоболорун натыйжалуу ишке ашыруусу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий