Ысык-Көл облусунун башчысы Караколдогу мал базардын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров биринчи орун басары Уланбек Далиев жана Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев менен биргеликте шаардын мал базарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мал базарды кыдыруу учурунда облус жетекчиси жергиликтүү эл менен активдүү баарлашып, соода жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттарды дыкат иликтеди.

"Эмилбек Абдыкадыров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун мал рыногунда ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча коюлган талаптарга өзгөчө көңүл бурду", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү эл жана соодагерлер менен болгон баарлашуу учурунда облус жетекчиси алардын ой-пикирин угуп, орун алган көйгөйлөргө жана бул базарды өнүктүрүүнүн келечегине көңүл бурду.

Ошондой эле облус жетекчиси мал базарды өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн биргелешкен аракети зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий