• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көл: Сары-Камыш айылында мыйзамсыз кыйылган карагайлар табылды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 2-мартта Каракол токой чарбасынын токойчулары тарабынан Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы менен биргеликте рейд жүргүзүлдү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын жашоочусу А.И. кампасында мыйзамсыз кыйылган жети даана карагай табылган.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий