• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көл жана Талас мамлекеттик университеттеринде Япон таануу институтунун филиалы ачылат

Билим 0

Бишкек, 14.05.23./Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун филиалы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл жана Талас мамлекеттик университеттеринде ачылат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматкы ылайык. И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Япон таануу институтунун директору Айбек Самаров жана Япон таануу институтунун Камкордук кеңешинин төрагасы Ёцухаши Мичинори К.Тыныстанов атындагы ЫМУга жана Талас мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.

Белгилей кетсек, апрель айында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Талас мамлекеттик университетинин ректору Самат Жумалиев жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскар Иманбаевдер менен өз ара жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ага ылайык, иш сапардын жүрүшүндө КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жана ТалМУнун базасында И.Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун филиалын түзүү боюнча келишимге эки университеттин ректорлору менен кол коюшту.

Жолугушууда эки тараптуу билим берүү, кадрларды даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анда ЖОЖдордун ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын өнүктүрүү жагынан академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселелери да бар.

Ошондой эле К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жана ТалМУнун базасында кыргыз-япон билим берүү борборун ачууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу окуу жайлардагы бул багытта бөлүнгөн дарскана жана тиешелүү жабдыктар менен таанышып келди.

Пикир

Оставить комментарий