• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ысык-Көлдө 10го жакын өлкөнүн суучул-куткаруучулары тажрыйба алмашат

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. 7-18-августта Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн куткаруучулары менен суучулдарынын тажрыйба алмашышат. Иш-чара КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ага Россия, Казакстан, Палестина, Иордания, Алжир, Азербайжан, Мади, Сауд Арабия, Монголия жана башка өлкөлөрдүн суучулдары жана куткаруучулары катышууда.

Анын алкагында Чолпон-Ата шаарында ӨКМге караштуу Суучулдар борборунда министр Бообек Ажикеев чет өлкөлүк суучул-куткаруучулар менен жолугушуп, аларга ийгилик каалады.

"Бул борбордо сиздер суунун тереңине түшүү боюнча теориялык жана практикалык сабактарды, ошондой эле суучулдук жабдууларды, коопсуздуктун көрсөтмөлөрүн колдонуу менен тажрыйба топтойсуздар. Мындан сырткары, көл акваториясында издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, суу астындагы фото жана видео тартуу, жээктен жана кайыктан суу астында сүңгүп түшүү, объекттерди издөө жана калыбына келтирүү иштери аткарылат. Мындай ыкмаларга ээ болуу куткарууда абдан маанилүү", - деди министр.

Анын айтымында, окуу башталганга чейин ар бир катышуучунун сууга түшүү даярдыгы жана квалификациясынын деңгээли каралат бирок, тренингдин соңуна чейин бардык катышуучулар деңгээлин жогорулатып, суу көндүмдөрүн өркүндөтө алышат.

“Ысык-Көл - деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкандыктан 30 метрге тереңдикке түшүү деңиздин 38 метр тереңдигине түшүүгө барабар. Андыктан, катышуучулар үчүн сууга түшүү физиологиясы жаатында кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүү жана бийик тоолуу шарттарда сууга түшүүнүн жаңы тажрыйбасын алуу абдан пайдалуу”, - деди Бообек Ажикеев.

Министр бардык катышуучуларды тренинг аянтчасын тажрыйба жана билим алмашуу үчүн пайдаланууга чакырып, окууну улантууга старт берди.

Пикир

Оставить комментарий