Ысык-Көлдө Аялдардын эл аралык күнүнө карата айым милиционерлерди куттукташты

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанат болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев белгилегендей, учурда облустун милициясында ийгиликтүү иштерди, жогорку уюшкандыкты жана кесипкөйлүктү көрсөтүшкөн бир катар айым милиция кызматкерлери иштейт.

“Жигиттер менен катар милициянын аял-тергөөчүлөрү, криминалисттери, ыкчам кызматкерлери, балдар иштеринин тескөөчүлөрү жана кадрлар аппаратынын, медициналык кызматынын кызматкерлери, өздөрүнө тагылган милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, кызматында сөзгө алынарлык ийгиликтерди жаратышууда”, - дейт Жумагазиев.

Салтанатта милициянын айым кызматкерлер ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана алкыш баракчалары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий