• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери талмасы кармап калган аялга жардам көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Баткен облусунун 65 жаштагы тургунунун талмасы кармап, эс-учун жоготуп койгон. Аны көргөн милиция кызматкерлери жардамга келишкен.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, оплктун 2-батальонунун жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери Нурбек Кулбаев, Полотбек уулу Абылкайыр, Дуулат Азатов жана бөлүмчө Акылтай уулу Адилет аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медиктерге өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий