• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ысык-Көлдө чычырканак багы 2,4 млн сомго чейин киреше алып келиши мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Көл облусунда чычырканак өстүргөн дыйкан тууралуу айтып берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, чычырканак багы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылында жайгашкан. Бакчанын жалпы аянты 25 гектарды түзөт.

Чычырканакты Саламатов Бектур молдовалык өнөктөшү Лариса Амбросий менен биргеликте өстүрүшөт.

Чычырканактын Европада патенттелген “клара”, “мара”, “андрос” сорттору өстүрүлөт. Бак 2023-жылы отургузулган жана жалпы аянты 25 гектарды түзөт. Дарактар бийик, 3,5*1,25 м үлгү боюнча отургузулган, 1 гектарга 2286 бадал туура келет. Потенциалдуу түшүм дарактан 5 килограммдан 10 килограммга чейин, 1 гектардан 1200/2400 центнерди түзөт.

Потенциалдуу экспорт багыттары: Европа өлкөлөрү, Кытай. Бул бактан алгачкы түшүм 2026-жылы болжолдонууда. Болжолдуу баасы 200-300 сом/кг. Болжолдонгон минималдуу кирешеси 12000 кг*200= 2 млн 400 миң сомду түзүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий