• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионатка жазма буйрук берилип, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан 1127 санаторий, пансионат, эс алуу жайы текшерилип, анын 754ү тазалоочу курулма салууга милдеттендирилди.

“Ошондой эле Семеновка, Григорьевка, Жети-Өгүз, Түргөн капчыгайларында жайгашкан боз үйлөрдөн турган эс алуу жайларынын ажатканалары суу жээктеринен жылдырылып, калдыктарды ирээттүү чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн”, - деди ал.

Ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган пансионаттардын тизмеси:

- “Дальний кардон” пансионаты;
- “Смена” пансионаты;
- “Белек” пансионаты;⠀
- “Золотые пески” пансионаты;⠀
- “Взморье Сити” пансионаты;⠀
- “Асыл-Таш” пансионаты;
- “Ой-Керемет” пансионаты;⠀
- “Золотой Трэбас” пансионаты;⠀
- “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору;
- “Кооператор” пансионаты;⠀
- “Чолпон-Ата” эс алуу үйү;
- “Чалжанов” конок күйү.

Пикир

Оставить комментарий