• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү урады

Аймак 0


Бишкек, 11.07.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районуна караштуу сырт өрөөнүнүн Жууку ашуусунда мөңгү урады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки офицер жана Жайыт комитети, ЖК кызматынан ыкчам топ кординациялоо иштерин жүргүзүүгө жөнөп кетишкен.

"Болжол менен жерине чейинки аралык 100 чакырымды түзөт", - дешти ӨКМден.

Белгилей кетсек, 8-июлда ал жерде жүргөн туристтер окуяны видеого тартып алышкан. Алдын ала маалыматка караганда, мөңгүнүн кулашынан эч ким каза болгон эмес, эки адам жеңил жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий