• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ысык-Көлдө инспекторлор кызыл китепке кирген өрдөктү куткарышты – видео

Аймак 0


Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө инспекторлор рейд учурунда кызыл китепке кирген өрдөктү куткарышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрдөк синтетикалык балык кармоочу торго чалынып калган. Куш боштондукка чыгарылып, коё берилди.

Рейд Түп булуңунда көлдүн экосистемасына олуттуу коркунуч туудурган мыйзамсыз орнотулган торлорду суу сактагычтан тазалоо максатында жүргүзүлдү. Синтетикалык торлор балык ресурстарын гана жок кылбастан, канаттуулардын жана башка жаныбарлардын өмүрүнө да коркунуч туудурат.

Аймакта браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий