Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 15:36да болгон.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Суу районунун Май-Саз айылынында 2,5 балл болуп сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар болгон эмес.
Пикир
Оставить комментарий