• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде жер көчкү жана таш кулоо коркунучу бар аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Баткенде жер көчкү жана таш кулоо коркунучу бар аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти 28-февралдан 2-мартка чейин Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунун аймагында жайгашкан жер көчкү жана таш кулоо коркунучу бар аймактарды кыдырып чыкты. Натыйжада министрликтин райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда изилдөө иштери аткарылды.

Мындан сырткары, жергиликтүү жашоочуларга тиешелүү маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүлүктү шаарында жер көчкү боюнча:

1. Шахтёрская көчөсү;

2. Жураев көчөсү;

3. 6-шахта көчөсү;

4. Мамбетов көчөсү;

5. Масалиев көчөсү;

6. Коммунальная көчөсү;

Кадамжай району боюнча:

1. Бирлик айыл өкмөтүнүн Кичи-Айдаркен айылында (жер көчкү);

2. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кошулуш участкасында (жер көчкү);

3. А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн Кара-Кечүү участкасы (таш кулоо);

4. Чаувай айыл өкмөтүнүн Ясная Поляна участкасында (жер көчкү);

5. Майдан айыл өкмөтүнүн Пум айылында (жер көчкү);

6. Майдан айыл өкмөтүнүн Аустан айылында (таш кулоо).

Пикир

Оставить комментарий