Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти 22 жаштагы Кытай жараны Сай Тун изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай жараны 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук ИИБнен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.
Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБнинн кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.
Учурда издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий