• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто жүк ташуучу унааларын камсыздандыргандарга 2 млн сом төлөнүп берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Ошто жүк ташуучу унааларын камсыздандыргандарга дээрлик 2 млн сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Турганбаев Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) Оштогу филиалынын директору Төрөбек Нариев менен биргеликте кырсыкка учурап, чоң чыгымга дуушар болгон Тынчтыбек Умаралиев жана Абдилаким уулу Абдыладыга каражаттардын сертификаттарын тапшырды.

Тынчтыбек Умаралиев 2023-жылы май айында "Айыл банктан" лизингге "ХОВО" үлгүсүндөгү авто унааны сатып алып, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу каттоодон өткөргөн. Ал өткөн жылдын аягында Бел-Алма көмүр кенине бара жатып тоодон таш кулап, унааны башкаруусун жоготуп, Папан айылындагы дарыяга түшүп кеткен. Учурда МКУ тарабынан күтүлбөгөн чыгымдардын ордун толтуруу максатында 1 млн 463 миң 571 сом төлөнүп берилди.

Ал эми Абдилаким уулу Абдылады 2023-жылы июнь айында "Айыл-Банктан" лизинге "ШАКМАН" үлгүсүндөгү авто унаа сатып алып, МКУ аркылуу каттоодон өткөргөн. 2023-жылдын октябрь айында Алай районундагы Ош-Пирим көмүр карьеринде кезекте турганда авто унаанын кабинасынан белгисиз себептен өрт чыккан. Ал күтүлбөгөн чыгымдын ордун толтуруу максатында 531 миң 950 сом кайтарымсыз төлөм ала алды.

Пикир

Оставить комментарий