• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көлдө милиция Алинур менен Акылбектин ата-энесин издеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жашы жете элек балдардын ата-энесин табышууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл райондук милициясына 59 жаштагы аял кайрылып, 17-июлда болжол менен 21:00 чамасында 25-30 жаштардагы жашы жете элек эки баласы бар белгисиз аял Бостери айылындагы жеке сектордо бир бөлмөнү ижарага алганын билдирген.

18-июлда болжол менен саат 9:30дарда балдардын апасы жеке сектордун кожоюнуна балдарын карап туруусун суранып, өзү белгисиз тарапка кетип, кайра келген эмес.

Балдардын айтымында, алардын улуусунун аты «Алинур», кичүүсүнүн аты «Акылбек", бири 4, экинчиси 2 жашта. Атасынын аты «Жолдош», апасынын аты «Перизет». Бирок жашаган дарегин так билишпейт.

Алинурдин кийими: боз футболка, көк шорты жана сланцы.

Акылбектин кийими: ачык-кок түстөгү футболка, көк шорты жана сланцы.

«Жашы жете элек балдардын ата-энелери же туугандары жөнүндө билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0505250545, 0502112131, 0709060962, 0394345202 же Ысык-Көл РИИБнин 102 кыска номерине кайрылып билдирип коюңуздарды суранабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий