Ошто 120 орундуу балдар бакчасынын жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Ош шаарынын “Курманжан-Датка” МАБында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан “Балажан” бала бакчасынын 120 орундуу кошумча имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жер төлөөсүн куруу иштери аяктап, мамычаларды бекемдөө боюнча иштер аткарылып, биринчи кабаттын дубалын куруу башталды.

Бекитилген график боюнча иш башталгандан 9 ай өткөндөн кийин объект пайдаланууга берилет. Ага карабай быйыл пайдаланууга берүү аракеттери көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий