• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө мурда менчикке берилип кеткен 3 бала бакча мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Ысык-Көл областында мурда жеке менчикке берилип кеткен 3 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында Ысык-Кѳл областынын прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жалпы баасы 35 млн 610 миң сомго бааланган 3 бала бакча жана жалпы аянты 5 764 чарчы метр болгон жер тилкелери менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.

Алар Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы 26 млн 10 миң сомго бааланган “Балажан” бала бакчасы, Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Арчалы айылындагы 2 млн 200 миң сомго бааланган бала бакча, ошондой эле, Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан 7 млн 400 миң сомго бааланган “Киров” атындагы бала бакча мамлекеттин балансына толук алынды.

Пикир

Оставить комментарий