• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ысык-Көлдүн 3,5 миңден ашуун тургуну КТ диагностикасынан өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн 3,5 миңден ашуун тургуну компьютердик томографиядан (КТ) өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, буга чейин бейтаптар компьютердик томографиядан өтүү үчүн борборго барышчу. КТ аппаратынын орнотулушу менен бул муктаждык жоюлуп, Ысык-Көл облусунун тургундарына жакшы шарттар түзүлдү.

"Аппарат аркылуу күнүнө 15-20дай бейтапка диагноз коюлат. Калк үчүн баасы жеткиликтүү – 1500 сом. Өткөн жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миң 514 бейтап томографиядан өткөн. Эми бул жабдыктын аркасында бейтаптарды сапаттуу текшерүүдөн өткөрүп, патологиялык өзгөрүүлөрдү жана бузулууларды ыкчам аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп кошумчалады директор.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Дүйнөлүк банктын "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында беш аймактык ооруканага компьютердик томография орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий