• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү таза суу менен камсыз болот

Аймак 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти .

Учурда "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Натыйжада Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

Долбоор Баткен жана Ысык-Көл облусундарындагы 31 айылды камтыйт. Аны ишке ашыруу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат. Долбоордун максаттары:

  • климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу кызматтарына калктын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  • жергиликтүү жана улуттук деңгээлде суу ресурстарын башкаруунун институционалдык потенциалын чыңдоо.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Негизги иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:

  • 5 скважина куруу;
  • ичүүчү сууну зыянсыздандыруучу эки станцияны орнотуу;
  • суу топтоочу жайды куруу жана санитардык коргоонун 3 зонасын түзүү;
  • 445 суу кудуктарын орнотуу;
  • өткөрүү пункттары менен үч дарбазаны куруу.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына карата төмөнкү курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде узундугу 1400 м болгон суу өткөргүчүн орнотуу жана жалпы узундугу 28 миң 941 метр болгон суу түтүк тармагын төшөө иштери жүргүзүлдү.

Подряддык уюмдардын иши техникалык көзөмөл боюнча инженерлердин жана атайын кызматкерлердин көзөмөлүндө ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий