Бишкек, 06.05.24. / Кабар/. Ысык-Көл районунун Кожояр-Ата айылында бүгүн, 6-майда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, П.Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстары үчүн салынган имараттын курулушу 2016-жылы башталган. Учурда билим уясында окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлдү.
Акимчиликтен белгилешкендей, имаратты курууга бюджеттин эсебинен 58 млн сом каржыланган.
Пикир
Оставить комментарий