Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн тургундары Баткенге гуманитардык жардам жүктөлгөн 7 фура жөнөтүштү. Бул тууралуу видеону соцтармакка өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жүктөдү.
“Эң зарыл болгон күнүмдүк буюм, азык-түлүк, тамак-аш, кийим-кече жүктөлгөн 7 унаа Балыкчыдан Баткенге жолго чыкты. Жолдон дагы ушундай жүк жүктөлгөн 5 унаа кошулат. Мунун баары көлдүн айыл-кыштак, шаарларындагы карапайым калктын кошкон салымы, берген аманаты”, - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.
Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 35и набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.
1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.
Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.
Пикир
Оставить комментарий