• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдүн жээгинде парашют аттракционун иштетүүгө тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун аймагында, көл жээгинде парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, мындай чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Анын айтымында, ошондой эле Ысык-Көлдүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору эл өкүлү тарабынан демилгеленип, бүгүнкү күндө министрликтин сунушун эске алуу менен администрацияда каралууда.

"Туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу аттракциондорунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууга кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылган учурлар себеп болууда", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле коомчулукта скутерлерден чыккан күйүүчү жана майлоочу майдын калдыктары көлдүн суусуна аралашып, көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизүүдө деген пикирлер айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий