Ысык-Көлдө ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды

Спорт 0

Бишкек, 13.05.23./Мээрим Болотбекова - Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды.

Марафондун салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин катышты.

Спорттук иш-чаранын алкагында марафон (42 км 195 м), жарым марафон (21 км 97 м), 10 км, 3 км аралыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар өтүүдө. Жалпы байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

42 км
1-орун — 200 миң сом;
2-орун — 140 миң сом;
3-орун — 100 миң сом;
4-орун — 70 миң сом;
5-орун — 50 миң сом;
6-орун — 20 миң сом.

21 км
1-орун — 70 миң сом;
2-орун — 50 миң сом;
3-орун — 30 миң сом;
4-орун — 20 миң сом;
5-орун — 10 миң сом;
6-орун — 7 миң сом.

Аталган марафон ШКУнун эгидасы алдында 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 4-жолу өтүп жаткан иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн 3 миң катышуучу катталган. Анын ичинде Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар да бар.

Эске салсак, 2021-жылы Ысык-Көл марфону Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын Label Road Races аталышындагы календардык планына киргизилген. Ошондой эле марафондун талаптарын аткарган спортчулар Азия оюндарына, дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир

Оставить комментарий