Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасында теннис боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 12-сентябрда өспүрүмдөр арасында теннис боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын теннис федерациясынан билдиришти.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын 10дон 14 жашка чейинки өспүрүмдөрү катышты.

Эркектер арасында жалгыз теннис ойноонун жыйынтыгында:

1-орун — Дияр Аманбек (Казакстан);
2-орун — Ким Кёнгоне (Корея).

Кыздар арасында жалгыз теннис ойноонун жыйынтыгында:
1-орун — Сафина Хабибрахманова (Кыргызстан);
2-орун — Камила Арипова (Кыргызстан).

Эркектер арасында жуп болуп теннис ойноонун жыйынтыгында:
1-орун — Ансар Ниеткалиев (Казакстан) жана Рамазан Шагатаев (Кыргызстан);
2-орун — Марсель Алексеев (Казакстан) жана Атай Асеинов (Кыргызстан).

Кыздар арасында жуп болуп теннис ойноонун жыйынтыгында:
1-орун — Сафина Хабибрахманова (Кыргызстан) жаа Сафина Сафиулина (Казакстан);
2-орун — Камила Арипова (Кыргызстан) жана Аиша Турдиева (Кыргызстан).

Пикир

Оставить комментарий