• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ысык-Көлдө суунун деңгээли 98 жылдын ичинде 3,5 метрге азайды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кутманбек Маматазимов - Кабар/. Ысык-Көлдө суунун деңгээли 98 жылдын ичинде 3,5 метрге азайды. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматынын директору Нуртемир Мурзабеков билдирди.

Анын айтымында, суунун деңгээлинин түшүү себебин адистер мөңгүлөрдүн азайышы жана көлгө куйган дарыялардын кыскарышы менен түшүндүрүүдө.

"Орто эсеп менен жыл сайын көлдүн жээги үч жарым сантиметрге тартылууда. Көлдүн деңгээли 1926-жылдан тарта текшерилип келет. Айрым жылдары көтөрүлгөн учурлар да болгон. Бирок көбүнчө суунун деңгээли төмөндөп жатат", - деди Мурзабеков.

Пикир

Оставить комментарий