• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көлдү тазалоо: Эки жумада 6400 метр тор жана 2505 кг таштанды чыгарылды

Аймак 0


Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. 12-марттан тарта суучулдар тарабынан Ысык-Көлдөн 6400 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле желим бөтөлкө, баштыкчаларынан турган 2505 кг таштанды чыгарылды.

Түп, Жети-Өгүз району жана Каракол шаарынын аймагындагы көлдүн тилкелерин камтыган жалпы 24 215 гектар 76 сотых аянт тазаланды.

Учурда көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иши Түп районунун Күрмөнтү айылындагы тилкеде уланууда.

Пикир

Оставить комментарий