• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ысык-Көлдө жараланган ак куу куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Пристань айылындагы Ысык-Көлдүн жээгинен табылган жалгыз ак куу Каракол шаардык зоопаркына өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, уча албай калган ак куу тууралуу Жети-Өгүз районунун имамы туристтик жана экологиялык милицияга билдирген.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери ыкчам жетип, Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте окуяны документтештирүү боюнча керектүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Белгиленгендей, ак кууну андан ары багуу үчүн Каракол зоопаркына ташып келүү чечими кабыл алынды.

Зоопаркта канаттуунун калыбына келиши үчүн бардык зарыл шарттар бар.

"Туристтик жана экологиялык милиция жапайы жаратылышка камкордук көрсөткөн бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирет",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий