“Өз кызына кол көтөргөн ата”. Милиция Бишкектеги окуя боюнча тергөө ишин баштады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкекте кызына кол көтөргөн жаранга карата тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, 18-майда түнкү саат 12лер чамасында социалдык тармакта Турусбеков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишинин кичинкей кызга кол көтөрүп жаткан видеосу жарыяланган болчу.

“Кабар” агенттиги Ленин райондук ички иштер башкармалыгына байланышканда, жогорудагы факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталганын ырастады.

Маалыматка ылайык, иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы А.Н. аттуу жарандын өздүгү такталып, тергөө кызматына алып келинген. Ал кыздын атасы болуп чыкты.

“Бүгүнкү күндө экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечимдер чыгарылат. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекция жогорудагы факты боюнча керектүү иштерди жүргүзүүдө”, - деп белгилешти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий