• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Коррупцияга шектелген Райым Матраимов күнөөлү деп табылып, 260 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан КР Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып салынды.

Бүгүн соттук отурум болуп, анда судья Гүлзат Дыйканбаева “Коррупция” беренеси боюнча айыпталып жаткан Райым Матраимовдун кылмыш ишин карады. Отурумда айыпталуучу тергөө менен бир бүтүмгө келип, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган.

Жарыш сөздө прокурор аны айыптуу деп таап, анын мурдагы 2 млрд сом материалдык зыянды кайтарып бергенин эске алып, 260 миң сом төлөп берүүсүн милдеттендирүүнү сурады.

Ошентип, соттун чечими менен Матраимов күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом өлчөмүндөгү айып тагылды. Айыпталуучунун мүлкү жана банктык эсеби камактан чыгарылды.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бажы кызматы тутумунда 2016-жылдан ушул күнгө чейин мурдагы төраганын орун басары Райым Матраимов жана ведомствонун башка кызматкерлери тарабынан көмүскө киреше боюнча коррупциялык система уюшулуп келгенин аныктаган. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттик казынага ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Райым Матраимовго КР Кылмыш кодексинин 319-беренеси боюнча (коррупция) айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий