• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өз мекенинде ири өлчөмдөгү алдамчылык менен алектенген кыргызстандыктар Москвада кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан өз мекенинде ири өлчөмдөгү алдамчылык жасап жана жалган ишкерлик үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандыктар Москвада кармалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Россиянын аймагында ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда өз мекенинде жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жарандардын кайда жүргөндүгү аныкталды. Ал Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган Б.А., аттуу жараны Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде (Жалган ишкерчилик) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында издөөгө алынган.

Ошондой эле Чүй облусунун 1960-жылы туулган А.Г., аттуу жараны Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.

Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды өз өлкөсүнө жиберүү боюнча маселелер каралып жатат. Дагы бир Чүй облусунун 1991-жылы туулган И.И. аттуу жараны Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.

Минск конвенциясына ылайык, аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий