• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 2 көмүскө жай аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.24. /Кабар/. Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 2 көмүскө жай аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддин жыйынтыгында интим-кызмат көрсөтүүчү 2 көмүскө жай аныкталып, райондук милицияга жагдайларды аныктоо үчүн 4 жаран жеткирилген.

Рейддик иш-чараларга райондун укук коргоо органдарынын жана МАБдын өкүлдөрү катышты.

"Эгерде сиз ушундай жагдайлардын күбөсү болуп калсаңыз, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону суранабыз: 0 (502) 041 208, 0(701) 700-251 Whatsapp, 0 (312) 56-60-43 жана күнү-түнү кыска номери боюнча 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий