• 87
  • 90.63
  • 0.79

Өзбекстан быйыл 26 млрд доллардан ашык чет элдик инвестиция тартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 28.11.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Акыркы он ай ичинде Өзбекстанга 26 млрд доллардан ашуун чет элдик инвестиция тартылды. Бул тууралуу өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өткөн инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча жыйында маалымдалды.

Жыйында аймактарда жана экономиканын тармактарында инвестицияларды тартуу менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине кеңири баа берилди.

Президент Мирзиёев Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жеке сектордун катышуусундагы долбоорлорду колдоо даярдыгын билдиргенин белгиледи.

"Бул жаңы финансылык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып, региондордун өз алдынча инвестиция тартуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түзөт", - деди ал.

Статистикага ылайык, быйылкы жылы чет элдик инвестициянын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөн. Алардын ичинен 24 млрд доллардан ашууну түз инвестициялар болуп саналат. Бул каражаттар төмөнкү ийгиликтерге жетүүгө жардам берди, тактап айтканда 6,3 миң жаңы ишкана ачылды, 30 трлн сомдук кошумча нарк өндүрүлдү , экспорт 305 млн долларга көбөйдү, 163 миң жаңы жумуш орун түзүлдү.

Жылдын аягына чейин дагы кошумча 8,6 млрд доллар инвестиция тартуу пландаштырылууда. Бул аракеттер өлкөнүн экономикалык өсүшүн бекемдөөгө олуттуу салым кошору айтылды.

Пикир

Оставить комментарий