• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Атамбаев ЖКдагы ишкерлердин санын кантип кыскартуу керектигин айтты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун катышуучуларынын бири ЖКда ишкерлердин санын азайтууну сунуштады.

“ЖКда ишкерлердин көптүгүнүн себеби бар. Тилекке каршы, мыйзам менен муну чечүүгө болбойт. Мыйзам кандай болсо дагы ошол эле ишкер, ал жакка мугалим, илимий кызматкер катары келиши мүмкүн. Себеби эмнеде? Мурда ишкер депутат болбосо, жашамак эмес. Бирок, эми ууру болуп туруп, парламентке келсе да, жазадан кутула албастыгын баары түшүнүп калышты. Бул биринчиден. Экинчиден, учурда ишкерлерге карата башкача мамиле түзүлгөн. Башта ишкерлерди Салык кызматы, Каржы полициясы, милиция, УКМК, прокуратура жана ким кааласа ошол текшере берчү. Ошондуктан алар парламентке келишкен. Ушул жылдан баштап ишкерлерди Салык кызматы текшерет, ал эми алардын күчү жетпесе, Каржы полициясы текшерет”, - деди ал.

Ошондой эле, мамлекет башчы мыйзамга кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 2020-жылдан тарта республикалык шайлоо босогосу 9%га чейин өсөрүн белгиледи.

“Башка дагы катуу критерийлер кабыл алынды. Тилекке каршы, учурда КСДПда гана мугалимдер, илимий кызматкерлер, журналисттер бар. Алардын аты-жөнүн атап бере алам. 2020-жылдан баштап бардык партиялардын мындай тизмеси болот. Бул маселени биз ушинтип чечтик. Партиялар жөнүндө мыйзамды карап чыгып, биринчи кезекте партиялардын аталыштарынан баштоо керек. Балким, партиялардын аталыштарында кыргыздын Манас, ата мекен, ата-журт деген ыйык сөздөрүн колдонуунун кажети жок чыгаар”, - деди ал.

Булагы: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий