• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Өзбекстан чет мамлекеттердеги жарандарынын укуктарын камсыздоону күчөтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чет мамлекеттердеги жарандарынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу республиканын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга чет мамлекеттердин сотторунун токтомдорун таануу жана аткаруу, ошондой эле эркинен ажыратылган адамдарды жазасын мындан ары өтөө үчүн кабыл алуу жана өткөрүп берүү тартибин жөнгө салган атайын бөлүм киргизилген.

Бул ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдарга да тиешелүү.

Мындан тышкары, мыйзам соттолгон же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларына кабылган адамдарды кабыл алуу жана өткөрүп берүүнүн негиздерин, ошондой эле сот процессинин катышуучуларынын процессуалдык статусун аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий