• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 25 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 25 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 2, Алматы шаарында – 12, Акмоло облусунда – 1, Актөбе облусунда - 2, Алматы облусунда - 1 Чыгыш-Казакстан облусунда – 5, Батыш-Казакстан облусунда – 1, Костанай облусунда – 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 305 миң 65 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий