• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Акылбек Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

Өкмөт 0


Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдагы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы каттоочунун суроолоруна жооп берип, ал атайы мобилдик тиркеме аркылуу толтурулду.

Акылбек Жапаров жарандарды эл каттоого активдүү катышууга чакырып, бул кампаниянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Белгилесек, калкты жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартында башталып, 3-апрелге чейин созулат. Республиканын алыскы райондорунда каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өтөт.

Кампания мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта алгач ирет өтүүдө, каттоочулар ишинде планшеттерди, же мобилдик телефондорду пайдаланууда.

Пикир

Оставить комментарий