• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Өзбекстан коронавирус жуктургандарга оорукана куруу үчүн 40 миллион доллар коротту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өзбекстан атайын ооруканалар менен карантиндик жайларды куруу үчүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча антикризистик фонддон 411 миллиард сум (40,6 миллион доллар) коротту. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары фонддун эсебинен Санитардык-эпидемиологиялык агенттикке 22,3 миллион доллар, коомдук жайларды дезинфекциялоого, карантиндик борбордун кызматкерлерине айлык төлөөгө жана дарыгерлерге кошумча маяна берүүгө 9 миллион доллар бөлүнгөн. 12 миллион доллардан ашык каражатка тест-системалар, реагенттер жана башка коргонуу каражаттары сатылып алынган.

Ошондой эле антикризистик фонддон социалдык тармакка, анын ичинде жумушсуз жарандарды убактылуу иштерге тартууга 5 миллион доллар, муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого 3 миллион доллар, социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө 2,5 миллион доллар бөлүнгөн.

15-апрелге карата антикризистик фондго жалпысынан 158 миллион доллар топтолду. Бул сумманын 98,8 миллион доллары эл аралык каржы институттарынан алынган насыяларды түзсө, калганы мамлекеттик бюджеттин эсебинен толукталган.

Пикир

Оставить комментарий