• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 325 учур катталды. Жалпы 64 миң 335

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 64 миң 335 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 325 жаңы учур катталды. Ал эми 355 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 61 миң 423 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 538 бейтап каза болду. 2 миң 374 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий