• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы автобус каттамы майда ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы автобус каттамдары май айында калыбына келет.

«Апта соңунда эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин өкүлдөрү автобус каттамдарын калыбына келтирүү боюнча макулдашууга кол коюшат. Алар өлкөлөрдүн ири шаарларын байланыштырат. Жүргүнчү ташыган автобустар майдын башында каттай баштайт деп күтүлүүдө», – деп билдирди «Asian Express» тажик компаниясынын өкүлү.

Маалыматка караганда, автобустар Душанбеден Өзбекстандын Денау жана Термез, Пенжикенттен Самарканд, Хужанддан Ташкент жана Фергана шаарларына каттайт.

Тажик басылмалары каттамдардын жүрүү тартиби менен жол кире баалары жогорудагы келишимге кол коюлгандан кийин жарыялана турганын жазышууда.

Өзбекстан шаарларына жүргүнчү каттамдарды Тажикстандын «Asian Express» компаниясы аткарат. Азырынча бул багытта иштей турган өзбек компаниясынын аты атала элек.

Пикир

Оставить комментарий