• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каракалпакстанда төрт кишини топурак басып калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Каракалпакстандын Кунград районунда суу түтүгү үчүн чуңкур казып жаткан төрт кишини топурак басып калды.

Каракалпакстан прокуратурасынын маалыматына караганда, кырсык 9-июнда Кунград районундагы Суэнли айылында болгон. Жыйынтыгында 1990, 2006 жана 2007-жылкы жергиликтүү үч тургун дароо каза болушкан. 2004-жылкы өспүрүм топурак алдынан чыгарылып, райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура териштирүү баштады. Мекемеден окуя боюнча кеңири маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин берилерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий