• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өзбекстан жүк ташуучулар үчүн чек арадан өтүү убактысын 20 мүнөткө чейин кыскартат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 13. 01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жооптуу мекемелерге жүк ташуучу транспорттордун чек арадан өтүү убактысын 20 мүнөткө чейин кыскартууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн транспорттук-логистикалык системасын өнүктүрүүгө арналган жыйында Шавкат Мирзиёев учурдагы геосаясий кырдаал тармактын ишин татаалдаштырып жатканын белгиледи. Батыш багытындагы жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү эки эсеге, чыгымдар 50 пайызга өскөнү, Европа менен болгон айрым чек ара бекеттери жабылганы, башкаларында олуттуу кезек күтүүлөр жаралганы айтылды.

Буга байланыштуу президент транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, тышкы соода каттамдарын диверсификациялоо, электрондук кезек системасын киргизүү жана автотранспорт каражаттарына онлайн мониторинг жүргүзүү боюнча тапшырмалар берди.

Альтернативдик каттамдар аркылуу транзиттик жүк ташууларды ыгайлаштыруу, ошондой эле өз ара келишимдер негизинде чек ара төлөмдөрүн азайтуу же алып салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жергиликтүү экспедиторлорду колдоо максатында аларды эл аралык ташуулар чөйрөсүндө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бул бул тармактагы жергиликтүү компаниялардын үлүшүн 45-50 пайызга чейин жеткирүү каралды.

Эл аралык жүк ташуу көлөмүн эки эсеге көбөйтүү жана транспорттук кызматтардын экспортун 3 миллиард долларга чейин көбөйтүү стратегиялык максаттар катары белгиленди.

Эскерте кетсек, акыркы жети жылдын ичинде Өзбекстандын транспорттук паркы бир кыйла өстү. Автотранспорттун саны жети эсе, жук ташуучу автотранспорттун саны 26 миң даанага жетти. Эл аралык жүк ташууда жергиликтүү жүк ташуучулардын үлүшү 35 пайыздан 60 пайызга чейин өстү.

Пикир

Оставить комментарий