• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Өзбекстанда 17 адам жасалма арак ичип, каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Самаркандын "Химиктер" айылында 17 адам колго жасалган спирт ичимдигин ичип каза болду. Тактап айтканда, Нурафшон аймагында акыркы төрт күндө 7 адам каза болду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн төрагасы ырастаганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү дүкөндөрдүн биринде алкоголдук ичимдиктер желим бөтөлкөлөрдө мыйзамсыз сатылган.

Жалпысынан 9-12-январь аралыгында Самарканд шаарынын беш жана ага жакын жайгашкан Пастдаргом районундагы "Найман" айыл өкмөтүндө 17 адам метил спиртине ууланып каза болгон.

Каза болгондор 45 жаштан 65 жашка чейинкилер жана алкоголдук ичимдиктерге берилип кеткен атуулдар. Алардын бири аял, калгандары эркектер.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү катары 75 жана 57 жаштагы эки жаран кармалган. Укук коргоо органдары тарабынан экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 13-январда Республика башкы прокуратурасы бул окуянын кесепетинен 5 адам каза болгону тууралуу расмий билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий