• 87
  • 89.77
  • 0.79

Өзбекстанда COVID-19 тесттери эки эсеге кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Өзбекстанда пандемия маалында жеке дарыканалар антивирустук препараттардын баасын кымбаттатып жиберишкен. Жеке клиникалар тест жүргүзүү кызматын дээрлик эки эсеге – 250дөн 400 миң сумга (24-38 доллар) көтөрүшкөн.

Быйыл май-июнь айларында Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борбору сурамжылоо жүргүзүп, ага 3 миң 670 киши катышкан. Респонденттер пандемия учурунда вируска каршы дары-дармектер өтө кымбаттап кеткенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 74% кирешелери кыскарганына, 58% жумушсуз калганына даттанышкан.

Мындан тышкары пандемия маалында респонденттер башка да көйгөйлөргө туш болушканын белгилешкен.

Алардын арасында:

  • күнүмдүк кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөр (36%)
  • мектепке чейинки билим алуу (32%);
  • орто билим алуу (31%);
  • азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттоосу (23%);
  • коммуналдык төлөмдөр боюнча карыздар (15%);
  • стресс жана тынчсыздануу (9%);
  • жакынкы дүкөндөрдө азык-түлүктүн тартыштыгы (6%) түзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын 25% жашоо шарты төмөндөгөнүнө даттанышкан. Ага карабай, респонденттердин 75% абал жакшы жагына өзөрүлөрүнө ишене турганын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий