• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Өзбекстанда кан тапшырган донорлорго жаңы жеңилдиктер берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында өлкөдөгү кан тапшыруу боюнча донордук кыймылды колдоо системасын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Документте "Өзбекстан Республикасынын ардактуу донору" төш белгисинин ээлери үчүн кээ бир жеңилдиктерди киргизүү сунушталган. Тактап айтканда, алар үчүн ыңгайлуу мезгилде ар жылдык эмгек өргүүсүнө чыгуу, коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (маршруттук жана линиялык таксилерден башка) бекер жүрүү, санаторийлерде жана курорттордо дарыланууга жолдомолорду жеңилдетилген түрдө алуу айтылууда.

“Демилге донорлукту жайылтууга, бекер жардам көрсөтүү маданиятын өнүктүрүүгө жана коомчулукту бул кыймылга активдүү тартууга багытталган”, - деп айтылат кабарда.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, калктын кандын компоненттерине болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн донорлордун саны 1000 адамга 10дон кем эмес же жалпы калктын 1 пайызын түзүшү керек.

Республикалык кан куюу борбору билдиргендей, Өзбекстанда 2023-жылы бул көрсөткүч 1000 адамга 7,8 донор, же калктын 0,78 пайызын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий