Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны 8 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шодманов билдиргенин Koronavirus Info телеграм каналы маалымдайт.
Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.
Өлкөдө илдеттин жайылбашы үчүн бардык зарыл болгон алдын алуу иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий